Экинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылды
UFC чемпиону Валентина Шевченконун кийинки атаандашы аныкталды
22.11.2019 | 16:01
Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко кезектеги беттешин 2020-жылдын февраль айында өткөрөт. Анын атаандашы америкалык Кэтлин Чукагян аттуу мушкер.
Беттеш кийинки жылдын 8-февралында АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири өтөрү пландалууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон. Андан бери эки жолу мелдешке чыгып, чемпиондук курду коргоп келе жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт