«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
УКМК: 20 миң $ менен кармалган прокуратура кызматкери камалды
27.06.2023 | 11:35
20 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У. тергөө аяктаганга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, ал УКМКнын тергөө абагына камакта болот.
Мурда маалымдалгандай, 23-июнда УКМК менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери 20 миң доллар алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.Уну кармаган.
“Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 миң доллар акча опузалаган”, – деп билдирген УКМК.
Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси пара менен кармалды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз