УКМК акча опузалоого шектеп майор менен подполковникти кармады

УКМК акча опузалоого шектеп майор менен подполковникти кармады

Бишкек шаарында милициянын подполковниги менен майору акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, шаардык милициянын кызматкерлери аял кишиден кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, 160 миң сом опузалаган.

Бул ишке шектүү катары Бишкектин милициясынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, подполковник К.Б. жана Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкери, майор А.А., андан тышкары ортомчу болгон А.Э. аттуу жаран кармалды.

Шектүүлөрдүн иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, мурда пара катары алынган 80 миң сом табылын алынган.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Кармоо боюнча иштер УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>