Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдөТалас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулатКыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыктыИран ЕАЭБ өлкөлөрүн көз карандысыз финансы тутумун түзүүгө чакырдыБишкекте жеке турак үй өрттөндүКыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү?
Мамлекет томолой жетим балдарга 500 миң сомдон берет
04.04.2024 | 10:02
Кыргызстанда өкмөт томолой жетим балдарга 500 миң сомдон берет. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдиргенин президенттин Ош облусусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалым болгондой, 500 миң сом акча банкта ачылган эсепке салынып, аны бала 18ге чыкканда ала алат. Азыркы күндө өлкөдө 1 миң 868 томолой жетим бала бар. Алар үчүн бул жылдан тарта 270 млн сом банктарга депозитке жөнөтүлөт.
“Балдар үйүндө тарбияланган балдар 18ге чыккандан кийин кам көрүлбөй, уурулук, кылмыш же сойкулук менен алектенип кеткен фактылар көп катталган. Мамлекет аларга көңүл бурчу эмес. Экономикабыз оңолуп, мамлекетибиз кубаттуу болуп калды, мынтип колдоого муктаж коомдун катмарына көңүл бурулуп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом