УКМК Бишкекте 900 млн сомдук имарат мамлекетке кайтарылганын билдирди

УКМК Бишкекте 900 млн сомдук имарат мамлекетке кайтарылганын билдирди

«Октябрдын 40 жылдыгы» Бишкек тигүү фабрикасынын айрым имараттары мыйзам бузуу менен жеке менчикке чыгарылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2004-жылы аталган фабриканын аянты 13 миң чарчы метр болгон имараттары «Рос-Трейд» ЖЧКсына (азыркы «Детский Мир») мыйзамсыз берилип кеткен. «Рос-Трейд» ЖЧКсынын директору М.А. аттуу жаран болгон. Өз кезгинде ал А.А. аттуу кишинин ишенимдүү адамы болгон.

2009-жылы М.А. «Детский мир» соода борборунун жалгыз ээси болууну жана А.А.ны четтетүүү каалап, Камчы Көлбаев менен өнөктөштүк түзгөн. Ал Көлбаевге «Рос-Трейд»  компаниясынын 50% үлүшүн жана коммерциялык бөлмөлөрү бар 3 кабаттуу имаратты (аянты 2,9 миң чарчы метр) берген.

М.А.

Ал эми 2020-жылы аянты 10 миң чарчы метр болгон «Детский Мир» соода борборун инвесторго (М.Н.) 6 млн долларга саткан. Аталган акчанын 2,3 млн долларын Камчы Көлбаевге берген.

Инвесторго сатылган имарат

УКМК билдиргендей, Көлбаевге берилген 3 кабаттуу имарат (аянты 2,9 миң чарчы метр) анын тааныш-билиштерине катталган. Тергөө иштеринин жыйынтыгында алар аталган имаратты өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берүүнү чечкен. Анын баасы 900 млн сом деп бааланууда.

Ал эми М.А. уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип кармалды. Соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>