УКМК: Депутат Бакиров Камчы Көлбаев менен жолугушкан — видео

УКМК: Депутат Бакиров Камчы Көлбаев менен жолугушкан — видео

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров менен кримтөбөл Камчы Көлбаев менен менен жолугушканы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтан белгилешкедей, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги кызмат адамдары менен биригүүсү боюнча тынымсыз чаралар көрүлүп жатат, бирок келип түшкөн маалыматтар көрүлгөн чаралардын жетишсиздигин көрсөтүүдө.

«Уюшкан кылмыштуулук феномен катары экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттик аппараттын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылчылыгынын шартында өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп, улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч болуп калды.

Уюшкан кылмыштуулук феномен катары улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтире баштады, экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттик аппараттын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылчылыгынын шартында өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда.

Коррупциялык компонент кылмышкерлердин мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен биригүүсүнүн негизи болуп, анын ичинде жооптуу кызматты ээлегендер, кее бир учурларда жеке кызыкчылык, ач көздүк, мыйзамсыз баюу мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турат.

Бул контекстте криминалдык авторитет Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун ортосунда улуттук коопсуздук органдары тарабынан белгиленген байланышка өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, себеби, 2022-жылдын 25-декабрында ал атайын Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушуу үчүн келгендиги аныкталды, бул боюнча далилдүү фактылар бар», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат.

Ага байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде эл депутаттарына кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>