Депутат Надира Нарматованын уулу кармалды

Депутат Надира Нарматованын уулу кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулун кармады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактары билдирди.

Белгилүү болгондой, депутаттын А.Н. аттуу уулу Ош облусунда бажы кызматында иштеген. Анын кармалышы Кытайдан товар ташуудагы коррупциялык ишке байланыштуу. Бул иш боюнча буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси кармалган. Мамлекетке келтирилген зыян дээрлик 1 млрд сомго жетери айтылган.

Эскерте кетсек, 18-мартта УКМК Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталганын, ал боюнча Бажы кызматынын алты жооптуу адамын жана жеке компаниянын үч өкүлүн кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген адамдардын туугандары бар экени кабарланган.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин ырастаган.

Ташиев: Башкы прокурор Зулушевдин кайниси кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>