УКМК эми уруксаты жок тыңшай алат. Жогорку Кеңеш 5 мыйзам кабыл алды

УКМК эми уруксаты жок тыңшай алат. Жогорку Кеңеш 5 мыйзам кабыл алды

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзам долбоорлорунун топтому үчүнчү окууда каралды.

Кабыл алынган мыйзам долбоорлору:

  • “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору
  • “Контрчалгындоо иши жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
  • “Тышкы чалгындоо иши жөнүндөгү” мыйзам долбоору;
  • “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
  • “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору.

Буга чейин Улуттук коопсуздук органдары, чалгын жана контрчалгын, тышкы чалгын ишмердүүлүгү жана терроризмге каршы мыйзам долбоорлорун комитеттерде каралып, колдоо тапкан болчу.

“Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салууга, алардын милдеттерин жана принциптерин аныктоого, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын укуктарын жана милдеттерин мыйзамдык жактан бекитүүгө багытталган.

Ал эми “Контрчалгындоо иши жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын коопсуз жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо максатында чалгындоо-бүлүндүрүү ишинен Кыргыз Республикасынын улуттук  кызыкчылыгын коргоонун зарыл деӊгээлине жетишүү жана колдоо үчүн контрчалгындоо ишинин укуктук негиздерин түзүү менен аны ишке ашыруунун мыйзамдуулук кепилдиги системасын бекемдөө болуп эсептелет

Ошондой эле “Тышкы чалгындоо иши жөнүндөгү” мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чет элдик чалгындоо ишмердүүлүгүнүн укуктук базасын түзүүгө багытталган.

Андан тышкары, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүүнү камсыз кылууга арналган.

“Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору болсо, террористтик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоого, бул жосундарды жасоого көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды чектөөгө, ошондой эле террористтик аракеттердин кесепеттерин минималдаштырууга жана (же) жоюуга багытталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>