ИИМ: Автоунааны онлайн түрдө кайра каттоо долбоору ишке кирди

ИИМ: Автоунааны онлайн түрдө кайра каттоо долбоору ишке кирди

Ички иштер министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте автоунааны онлайн түрдө кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, пилоттук долбоор президентинин администрациясынын демилгеси менен иштелип чыккан.

«Онлайн кайра каттоо үчүн  ИИМдин «Унаа»мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө унаа фото-видео кароодон өтүш керек, визуалдык текшерүүнүн маалыматтары базада 30 күн сакталат. Онлайн кайра каттоо RSK 24 тиркемесинин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, унаанын айып пулу жана камакта болбосо, аны онлайн сатууга болот.

«Жакынкы келечекте онлайн кайра каттоо башка төлөм тутумдарында да жеткиликтүү болот», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>