Садыр Жапаров Япониянын императору менен жолугат

Садыр Жапаров Япониянын императору менен жолугат

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаров Япониянын императору Нарухито, премьер-министр Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

«Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук-визалык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда», — деди Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>