УКМК кармаган салык органын башчысы кызматтан четтетилди

УКМК кармаган салык органын башчысы кызматтан четтетилди

Биринчи Май райондук салык органынын башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны кызматтан бошотууга пара талап кылуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалышы негиз болгон.

Салык кызматынын жетекчилиги тарабынан таза эмес кызматкерлердин аныкталышына жана коррупциялашкан кызматкерлерден арылуу боюнча иш-чаралар жүрүп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгында туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Анда аталган райондун салык кызматынын башчысы Б.Т.Т., мыйзамсыз баюу максатында коррупциялык схема түзгөнү белгилүү болгон. Ал кол алдындагы кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъекттерден системалуу түрдө акча алып келгени аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>