Ошто көчөнү кеңейтүүгө тоскоолдук кылган эки адам кармалдыКыргыз-герман ишкер кеңешинин отуруму сентябрда КРда өтөтТажикстанда компаниялардын кызматкерлерин жумуш ордунда көнүгүү жасоого милдеттендириштиЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 21-июнга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жатат
УКМК коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адамды кармады
22.03.2020 | 10:11
Улуттук коопуздук мамлекеттик комитети коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 38 жаштагы адамды кармады.
Мекеменин басма сөз кызматы 22-мартта кабарлагандай, такси кызматында иштеген Кубанычбек Шаимкулов аттуу адам социалдык тармак аркылуу “Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасында коронавирус жуктурган адамдар качып кетип, анын айынан дарыгерлер жумушун таштап кетүүдө” деген жалган маалыматтарды тараткан.
Шаимкулов кылган иши туура эместигин мойнуна алып, жалпы элден кичирим сурады.
https://www.facebook.com/100018367511755/videos/544504526171793/?d=n&sfns=mo
Учурда анын аракеттерине юридикалык баа берилип жатат.
Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар үчүн мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар