Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
УКМК коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир адамды кармады
24.03.2020 | 15:18
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармак аркылуу коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан адамды кармады.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Турарбек Ибраев болгон.
Ал текшербестен, жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады.
Анын ишине юридикалык баа берилет.
Буга чейин Улуттук коопуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад жана Ысык-Көл жана облусунун жарандары коронавирус боюнча жалган маалымат тараткандыгы үчүн кармалганын маалымдаган.

22-мартта Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 15 факты катталганын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом