УКМК: Кыргыз чек арачылары тажикстандык окуучуларды сабады деген калп

УКМК: Кыргыз чек арачылары тажикстандык окуучуларды сабады деген калп

Кыргызстандын чек арачылары тажикстандык окуучуларды сабады делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

“Мындай маалымат таркагандан кийин эки өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматтары телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Анын жүрүшүндө тажик кыргыз чек арачылары окуучулардын кармалышы жана сабалганын четке какты”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Тажикстандын чек ара өкүлдөрү маалыматтын калп  экенин тастыкташкан.

УКМК тажик тарапты Кыргызстанга такталбаган дооматтарды коюдан карманууга жана  чек арага байланыштуу терс мүнөздөгү билдирүулөрдү таркатуудан карманууга чакырган.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Ворух анклавында жашаган эки өспүрүмдү кыргызстандык чек арачылар кармап, суракка алганы айтылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>