УКМК: Кыргызстанда терракт уюштурууну пландаган жаран кармалды

УКМК: Кыргызстанда терракт уюштурууну пландаган жаран кармалды

31-декабрда Кыргызстандын аймагында террордук актынын алдын алууга мүмкүн болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси «Терроризм актысы» боюнча АРИС ЭРПСинде катталган, Ош облусунун 1998-жылы туулган жараны Ж.С., аныкталып, кармалды.

Кармалган адам кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги жана лидерлердин көрсөтмөсү боюнча, аймактагы аскердик бөлүктөрдүн биринде террордук акт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат жасашы керек экендиги аныкталды.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда камуфляж формасынын топтому, түшүрүүчү жилет, аскер бут кийими, дүрбү, бүктөлгөн бычак жана чет тилиндеги баракчалар табылган.

Кармалган адам УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген

Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>