УКМК Ленин РИИБдин тергөөчүсүн пара менен кармады — видео

УКМК Ленин РИИБдин тергөөчүсүн пара менен кармады — видео

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте  2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаардык Ленин райондук ИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Ж.Т.С. жана кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Б.Т.С. кармалды.

УКМК тарабынан аныкталган боюнча, тергөөчү Ж.Т.С. тергөө алдындагы текшерүү материалдарын токтоткондугу үчүн чет элдик жаран К.М.П.дан  2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (Пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү КР Жазык-процесуалдык кодексинин 96 жана 97-беренесинин негизинде кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: тергөөчү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>