Бишкекте сүрөтчү Абдыжапар Омурчиевдин жаркын элесине арналган көргөзмө ачылатБишкектин айрым аймактарында үч күнгө газ өчүрүлөт — райондорКыргызстан алты айда 20 миң тоннага жакын сүт азыктарын экспорттоду2,1 млн сомдук авиабилет алдамчылыгы: Бишкекте шектүү кармалдыБыйылкы «Дүйнө сулуусу» сынагына Кыргызстандын атынан Саадат Асылбекова катышатБашкы прокуратура жол курууда бюджетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады
УКМК Мамкатоонун кызматкерлери аралашкан коррупциялык схеманы аныктады
18.07.2019 | 10:00
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” ишканысынын кызмат адамдары бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына коррупциялык схема аркылуу автоунаа киргизишкени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, июль айынын башында жогоруда айтылган схема менен алынып келинген “Лексус” жана “Шевроле” маркасындагы 2 автоунаа кармалган.
Аталган унааларды бажы төлөмүн төлөбөй алып кирүү менен мамлекетке 2 млн 608 миң сом зыян келтирилген.
Учурда аталган коррупциялык схемаларга катыштыгы бар тараптар жана мамкаттоо кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар