Владимир Путин Кыргызстан менен ИИМ өкүлчүлүктөрү тууралуу макулдашууну ратификациялады

30.07.2026 | 10:11
Владимир Путин Кыргызстан менен ИИМ өкүлчүлүктөрү тууралуу макулдашууну ратификациялады — Новости Кыргызстана

Орусиянын президенти Владимир Путин эки мамлекеттин аймагында ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук макамын аныктаган Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Документке ылайык, 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Орусия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин ортосундагы макулдашуу ратификацияланды.

Эскерте кетсек, Макулдашуу Орусиянын ИИМинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн функцияларын актуалдаштырууну, Москвадагы Кыргызстандын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүн Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү кылып кайра түзүүнү, ошондой эле Москвада Кыргызстандын ИИМинин өкүлчүлүгүн ачууну карайт.

Документ трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле миграциялык процесстерди жөнгө салуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары, макулдашуу өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине дипломатиялык артыкчылыктарды жана иммунитеттерди берүүнү карайт.

Scroll to Top