УКМК Мелис Аспековдун кыйноолорго кабылганын четке какты

УКМК Мелис Аспековдун кыйноолорго кабылганын четке какты

Активист Мелис Аспековдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайында ур-токмокко алынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянчак, сүрөттөр март айынын башында тартылгандыгы аныкталган.

“Аспековдун өзүнүн айтымында, 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алгандыгын айткан. Ал эмне себептен денесине залал келгенинин себебин айтуудан баш тарткан. Ошондой эле УКМКнын тергөө камак жайынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

УКМК Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары баалайт. УКМК атайылап жалган маалыматтарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертип кетет”, — деп кабарланат.

250 миң доллар пара талап кылганга шектелип кармалган Мелис Аспеков, өзүнө карата кыйноолор болуп жатканын айтып, Фейсбук баракчасына сүрөттөрүн илген.

Анда ал Аспековдун билдирүүсүндө УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бекбосун Апсатаровдун тапшырмасы менен кыйноо болгонун, алар Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып жатышканын айткан

Ошондой Эле Мелис Аспеков эки бутундагы көк ала тактарды көрсөтүп, АКТ түзгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>