Шаардык кеңештин кайра дайындалган шайлоосу качан өтөт?

Шаардык кеңештин кайра дайындалган шайлоосу качан өтөт?

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгы боюнча чыгарган чечимине партиялар сот аркылуу даттануу үчүн акыркы күн. Бул тууралуу “Репортёрго” БШКнын өкүлү Кайрат Осмоналиев билдирди.

“Эгерде партиялар БШКнын чечимине сот аркылуу даттанбаса, анда президент бир айдын ичинде кайрадан дайындалган шайлоону өткөрүү убактысын бекитет. Бардык убакыттар үчтөн бирге кыскарат: шайлоого даярданууга берилген 60 күндүн ордуна, бизде 40 күн болот. Эгерде партиялар сотко бере турган болсо, биз  анын жыйынтыгын күтөбүз”, — деди Кайрат Осмоналиев.

Ал белгилегендей, кайрадан дайындалган шайлоого тийиштүү документтерин тапшырган бардык партиялар катыша алат.

Белгилей кетсек, 12-майда БШК Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Ага чейин Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарлыган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>