УКМК милициянын тергөөчүсүн пара алып жаткан жеринен кармады

УКМК милициянын тергөөчүсүн пара алып жаткан жеринен кармады

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук милициянын тергөөчүсү кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б. кармалды.

Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга М.Г.В. аттуу жаран кайрылган.

Кармалган А.Д.Б. УКМКнын  тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>