УКМК мыйзамсыз баюу боюнча 23 кылмыш ишин иликтеп жатат

УКМК мыйзамсыз баюу боюнча 23 кылмыш ишин иликтеп жатат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз баюу боюнча 23 кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин 21-апрелдеги сессиясында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Бакыт Төрөбаев жыйында мындай кылмыштан канча акча топтолгонун сурап, мыйзамсыз байыгандарды иликтөөнү улантууга чакырды.

УКМК өкүлү Сагын Самидин уулу так сумманы айтуу кыйын деп жооп берди.

Зулушев 23 кылмыш ишинин баарын УКМКнын Тергөө башкармалыгы иликтеп жатканын айтты:

«Негизинен бизде күнөөсү далилденген, кылмыш иш боюнча аныкталган материалдык зыян тууралуу материал бар. Бир иш боюнча Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнга алуу менен 2 миллиард сом төлөгөн. А башка иштер боюнча УКМК жооп берет», — деди Зулушев.

Буга чейин бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен айыпталып кармалган.

Алардын бир тобу мамлекетке келтирилген зыянды төлөдү деген негизде үй камагына чыгарылып же тил кат менен бошотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>