Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгилендиОрусияда жаңы штаммдарга байланыштуу гриппке каршы вакциналар жаңыртылдыБишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайтАдылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды
Кыргызстандык жөө күлүктөр Өзбекстандагы жарышта 4 медаль утту
05.09.2023 | 12:09
Кыргызстандык жөө күлүктөр Өзбекстандагы жарышта 4 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-сентябрда Ташкентте Өзбекстандын 1-сентябрь – Эгемендик күнүнө карата «Yangi Nafas – Жаңы Дем” аталышындагы жарыш өткөн. Спортчулар 3 жана 10 чакырым аралыкка жарышкан.
Кыргызстандын атынан жарышка 84 жөө күлүк катышкан.
10 чакырым аралыкка жарышта Эламан Абылабеков алтын, Азат Касымбеков коло байге тагынган. 35+ жаш курактагылар арасында Аманкул Токтогулов күмүш медалдын ээси болгон.
Ошондой эле, 3 чакырым аралыкка жарышта Элдияр Каыдров алтынга татыган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз