Сокулукта аскер комиссариатынын башчысы кармалды — видео

Сокулукта аскер комиссариатынын башчысы кармалды — видео

УКМК коррупция фактысы боюнча райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысын кармады.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу, өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтирип жаткан факторлорго жана шарттарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 9-сентябрда кылмышка шектүү делип Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча аскердик билеттерди берүүдө системалуу мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурган райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды.

Кармалган кызматкер адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген иштерге тиешеси бар, Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке катышын аныктоо боюнча тийиштүү атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кармалган адам Сокулук райондук военкоматтын аскер комиссары болуп саналат. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: коррупция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>