УКМК: «Россия» бизнес борборунда көмүскө акча алмаштыруучу жай аныкталды

УКМК: «Россия» бизнес борборунда көмүскө акча алмаштыруучу жай аныкталды

Бишкектеги «Россия» бизнес борборунда көмүскө акча алмаштыруучу жай аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан каржылык уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу жана көмүскө кирешелерди адалдоого басым жасаган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө акча каражаттарын системалуу түрдө криптовалюталар аркылуу адалдоо боюнча маалыматтар алынган.

«Тактап айтканда, «Россия» бизнес борборунда жашыруун акча алмаштыруу бюросун, акча алмаштырууну/жөнөтүүнү (криптовалюта сатып алуу) уюштуруп жүргөн Кыргызстандын жана Россиянын жарандары аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында айрым жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кошумча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>