Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдөТалас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулатКыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыктыИран ЕАЭБ өлкөлөрүн көз карандысыз финансы тутумун түзүүгө чакырдыБишкекте жеке турак үй өрттөндүКыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү?
УКМК: Салык кызматкери пара алып жаткан учурда кармалды
26.11.2019 | 16:54
Ленин райондук салык кызматынын кызматкери А.М. 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Такталгандай, кармалган адам салык маселесин чечүү жана жең ичинен колдоо максатында жеке ишкерден акча акча каражатын талап кылган.
Бул материалдар “Пара талап кылуу” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иштер башталды.
Кармалган адамга карата сот органдары тарабынан үй камагына камоо боюнча баш каргоо чарасы каралды. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар