•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

УКМК: Сот аткаруучу пара менен кармалды

Чүй областынын Аламүдүн районунда сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 1982-жылы туулган  “Н.Т.” аттуу сот аткаруучу кызматтык абалынан пайдаланып жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн жарандан пара талап кылган.

Бул факты Жазык кодексинин  326-беренеси (“Пара талап кылуу”) менен сотко чейинки тергөө иши башталган.

Кармалган адам убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *