Өзбекстан: Айрым аэропорттордо Tax Free системасы иштей баштады

Өзбекстан: Айрым аэропорттордо Tax Free системасы иштей баштады

2-январда Ташкент, Самарканд, Бухара, Фергана жана Үргөнч аэропортторунда Tax Free системасынын өкүлчүлүктөрү салтанаттуу түрдө ачылып, тесттик режимде иштей баштады. Бул тууралуу Uzbekistan Airports ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Tax Free системасында Өзбекстанда чекене соода кылган ишкерден белгилүү бир товардын түрлөрүн сатып алган чет өлкөлүккө кошумча нарк салыгынын бир аз бөлүгүн кайра кайтарып берүү каралган.

«Кэшбэк» төлөнө турган товарлардын тизмеси өткөн жылы 8-ноябрда өкмөттүн токтому менен бекитилген. Анда азем белектер, жаңгак, жашылчалар, кургатылган жемиштер, килемдер, текстиль, булгаары буюмдары жана башкалар бар.

Кошумча нарк салыгын кайтарып алуу үчүн чет өлкөлүк жаран «Солик» мобилдик тиркемесине катталып, сатуучу берген чекти сканерден өткөрүшү керек болот. Андан соң аэропортто каттамга катталгандан кийин Tax Free сервисине барып, орундук үчүн берилген талонду жана товардын өзүн көрсөтүшү зарыл.

Tax Free кызматын пайдалануу үчүн сатып алынган товардын жалпы баасы 1 миллион сумдан (90 доллар) көп болушу шарт. Мындан тышкары товар ачылбаган жана колдонулбаган болушу талап кылынат.

Кэшбэк кийинки айдын 25-күнүнөн соң жүргүнчүнүн банк картасына которулат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>