УКМК төрт салыкчыны кармады

УКМК төрт салыкчыны кармады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК салык инспекторлору тарабынан дагы бир системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу жана Кара-Суу базарынын ишкерлеринин жана соодагерлеринин патентин төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып алуудагы туруктуу коррупциялык схеманы токтотту.

Ушул жылдын 15-декабрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын өндүрүү кылмышы Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен аларды ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.

УКМК соода базарларын көзөмөлдөгөн кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>