Бишкекте унаа токтотуучу жайларга электрондук төлөм киргизилет

Бишкекте унаа токтотуучу жайларга электрондук төлөм киргизилет

Бишкек шаарынын мэриясы 18-декабрдан баштап борбор калаада унаа токтотуучу жайларды уюштурууга заманбап технологияларды киргизүү максатында шаардык унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө электрондук системаны киргизүү боюнча иштерди баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул иш-чаралар Токтогул — Тыныстанов — Фрунзе — Турусбеков көчөлөрү менен чектелген кварталда тест режиминде башталат.

Жаңы ыкма Бишкек шаарынын мэриясынын аймагынан (борбордук аппараттын имаратынын жанында) башталат, ал жерде муниципалдык унаа токтотуучу жай да иштейт.

Пилоттук долбоордун негизги максаты – мобилдик капчыктар жана банктык төлөм системалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү менен Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан унаа токтотуучу жайлардын иштешинде программалык камсыздоону сыноо.

«Борбор калаанын борбордук бөлүгүнө унаалардын агымын тартипке келтирүү, тыгындарды жоюу жана кыскартуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында муниципалитет унаа токтотуучу жайларды зонага бөлүүнү жана бардык муниципалдык унаа токтоочу жайларды жаңы форматта иштөө үчүн электрондук системалар менен жабдууну пландаштырууда», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>