Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан “А.Н.га” карата кыйноолорду колдонуу фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 12-ноябрь күнү Жалал-Абад облустук милициянын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы “М.Ж.”, ыкчам кызматкери “М.Б.”, аталган башкармалыктын ыкчам кызматкерлери “К.М.” жана “З.А.” жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасагандыгы жөнүндө шектелип кармалды.
Жыйынтыгында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25-мекемесине камакка алынды.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө.