УКМКнын байланыш операторлорунун маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилди — мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров бир катар мыйзам актыларын Санариптик кодекске ылайык келтирген жана ыкчам-издөө, контрчалгындоо ишмердүүлүгү, ошондой эле телекоммуникация чөйрөсүндөгү жөнгө салууну өзгөрткөн мыйзамга кол койду.
Эскерте кетсек, документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.
Ал КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, ошондой эле «Ыкчам-издөө иши жөнүндө», «Контрчалгындоо иши жөнүндө» жана «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Негизги жоболордун бири — телекоммуникация операторлорунун милдеттерин кеңейтүү болуп саналат.
Алсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) маалыматты тымызын (жашыруун) алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды борборлоштурулган эсепке алууну жүргүзүү ыйгарым укуктары берилет.
Ошондой эле улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары тарабынан телекоммуникация тармактарын колдонуу менен ыкчам-издөө иш-чараларын техникалык жактан өткөрүү тартиби бекитилет.
Мыйзам менен УКМК телекоммуникация тармактарында атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө колдонулуучу санариптик технологиялык системалардын, санариптик ресурстардын жана атайын техникалык каражаттардын ээси боло тургандыгы аныкталды.
Мындан тышкары, телекоммуникация операторлору үчүн ыкчам-издөө жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнү камсыз кылуу, анын ичинде зарыл болгон санариптик технологиялык системаларды, санариптик ресурстарды жана атайын техникалык каражаттарды өз каражаттарынын эсебинен каржылоо милдеттери белгиленет.
Документ ошондой эле өзгөчө абал, массалык баш аламандыктар же куралдуу жаңжалдар мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлүшкө карата телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү токтото туруунун жана кайра жандандыруунун өзгөчө тартибин киргизет.
Дагы бир норма менен Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келинген жана иштеп жаткан мобилдик түзүлүштөрдүн бардык эл аралык идентификаторлорун мамлекеттик санариптик системада милдеттүү түрдө идентификациялоо тартибин аныктай тургандыгы каралган.
Муну менен катар мыйзам аркылуу мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн жана маалыматтарды берүү түзүлүштөрүнүн эл аралык уникалдуу идентификациялык коддорун идентификациялоо жана аутентификациялоо боюнча ишмердүүлүктү лицензиялоо алынып салынат.