УКМКнын Жети-Өгүздөгү бөлүмү жаңы имараттуу болду (сүрөт)

УКМКнын Жети-Өгүздөгү бөлүмү жаңы имараттуу болду (сүрөт)

Бүгүн, 14-августта УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Илияз Иманбетов, Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов, башкармалыктын өздүк курамы, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышкан.

«Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган», — деп билдирет УКМК.

Иш-чарада Ташиев сөз сүйлөп, УКМКнын кызматкерлерине ишин натыйжалуу аткаруу үчүн мындан ары да шарттар түзүлө берерин айткан.

«Ошондой эле, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган Кыргызстандагы коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>