Маршруткада жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салгандар камалды

Маршруткада жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салгандар камалды

Бишкекте эл ташыган кичи автобуста жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салган окуя боюнча кармалгандар 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын бөгөт чарасы 11-августта Биринчи май райондук сотто каралган. Сот аларды тергөө жүргөн маалга – 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Шектүү катары кармалган 29 жана 18 жаштагы жарандар №1 тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарга окуянын видеосу тараган. Күбөлөр билдиргендей, белгисиз бала жүргүнчүнүн телефонун уурдоого аракет кылып жатканда кармалып калган. Жүргүнчүлөр аны милицияга өткөрүп берели деген. Бирок анын шериги келип, ызы-чуу чыгарып, бирөөсү кишилерге отвертка менен кол салган. Андан кийин алар качып кеткен.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясында каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери шектүү катары 29 жаштагы К.Ж. жана 18 жаштагы А.Р. аттуу жарандарды кармаган.

Шектүүлөр мурда бир нече жолу соттолушкан.

Окуя Ленин районунда эмес, Биринчи май районунун аймагында болгондуктан, иш аталган райондук милицияга өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Маршруткада жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салгандар кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>