УКМКнын Жумгалдагы бөлүмү жаңы имараттуу болду (сүрөт)

УКМКнын Жумгалдагы бөлүмү жаңы имараттуу болду (сүрөт)

Бүгүн, 11-сентябрда Чаек айылында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жумгал районунун акими, башкармалыктын өздүк курамы, аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышкан.

Ачылыш аземинде Ташиев сөз сүйлөп, кызматкерлер үчүн өз милдеттерин аткаруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлө берерин, УКМКнын кызматкерлери коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү ишин так аткарышы керектигин айткан.

«Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Нарын УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>