Украина: Тоголонгон БТРден түбү кыргызстандыктын документтери табылды

Украина: Тоголонгон БТРден түбү кыргызстандыктын документтери табылды

Украинада түбү кыргызстандык башка өлкөнүн жаранынын документтери табылып, социалдык тармактарга жарыяланды.

Ал маалыматтарга караганда, Э. Касымбек уулу Наро-Фоминск шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Э.Касымбек уулунун үй-бүлөсү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашачу. Бир нече жыл мурун Орусияга көчүп кеткен.

Аскердик бөлүктөн түз эле Украинага жөнөтүлгөн. 22-февралдан бери үй-бүлөсү жана достору менен байланыша элек.

Бир нече күн мурун социалдык тармактарда Э.Касымбек уулунун дарегине жазылган документтердин сүрөттөрү пайда болгон.

Алар украин аскерлери талкалаган орус колоннасынын жанынан табылганы кабарланууда. Бул документтер жол жээгинде оодарылып кеткен БТРдин жанында жаткан. Жабдуулар күйгөн эмес. Балким Э.Касымбек уулу аман калгандыр.

Маалымат үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылдык.  Азырынча жооп берише элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>