Украинада согуш башталгандан бери 32 журналист каза болду

Украинада согуш башталгандан бери 32 журналист каза болду

Украинада согуш башталгандан бери 32 журналист каза болду. Бул тууралуу 6-июнда Украинанын маданият жана маалымат саясаты боюнча министри Александр Ткаченко билдирди.

Бул күнү Украинада Журналисттер күнү белгиленет.

«Төрт айдан бери уланып жаткан толук масштабдуу согушта биз 32 кесиптешибизден айрылдык. Сегиз жылдан бери набыт кеткендердин саны андан көп. Силер баатырсыңар. Силердин каармандыгыңар, азыркы маалдагы ролуңар жана ишке берилген сапатыңар баа жеткис»,- деп жазды Ткаченко өзүнүн Телеграм-каналына.

30-майда Северодонецкинин жанында франциялык BFMTV медиакомпаниясынын журналисти Леклер Имхофф каза болгон. Ал Луганск облусунан эвакуация болуп жаткан жайкын тургундар тууралуу репортаж жасап жатып, аткылоого туш болгон.

29-апрелде Киевде орус армиясынын чабуулунан «Азаттык» радиосунун украин кызматынын журналисти Вера Гирич көз жумган. Анын үйүнө ракета тийген.

23-апрелде Киевде орус армиясынын аткылоосунан The Insider басылмасынын тапшырмасы менен жүргөн орус журналисти Оксана Баулина каза болгон.

Согуш башталгандан бери Украинада көптөгөн журналисттер жарадар болуп, айрымдары дайынсыз жоголду.

Буга чейин «Чек арасыз кабарчылар» уюму Эл аралык кылмыш сотуна бир нече арыз менен кайрылып, Украинадагы согушта набыт кеткен журналисттердин өлүмүн согуш кылмыштарын тизмесине кошууну талап кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>