Улан Ниязбеков: Кыргызстанда кылмыштардын саны азайды

Улан Ниязбеков: Кыргызстанда кылмыштардын саны азайды

Кыргызстанда кылмыштардын саны азайды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коллегиясында жетекчи Улан Ниязбеков билдирди.

«Тогуз айда жалпы кылмыштардын саны 48 пайызга, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12 пайызга, алдамчылык фактылары 23 пайызга, коомдук жайларда жасалган кылмыштар 18 пайызга азайды», — деди ал.

Министрдин айтымында, республикада жол кырсыгынын саны 8 пайызга, жаракат алгандар 5 пайызга, жол кырсыгынан каза болгондор 21 пайызга кыскарган.

«Ыкчам иш-чаралардын, анын ичинде ички иштер органдарынын түшүндүрүү иштеринин натыйжасында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыштардын саны 13 пайызга, ал эми жабырлануучулардын саны 15 пайызга азайган», — деди ал.

Улан Ниязбеков ошондой эле жыл башынан бери туристтик-экологиялык милиция тарабынан экологияны бузуу жана экологияга зыян келтирүү боюнча 150дөн ашык кылмыштын бетин ачканын баса белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>