Улукбек Карыбек уулуна козголгон иш жабылды. Соттун түшүндүрмөсү

Улукбек Карыбек уулуна козголгон иш жабылды. Соттун түшүндүрмөсү

Блогер Улукбек Карыбек уулуна карата козголгон “бейбаштык” боюнча кылмыш иши жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улукбек Карыбек уулу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык) боюнча айыпталып жаткан. Соттук териштирүү учурунда прокурор блогерге карата айыптоону колдоодон баш тартканына байланыштуу Улукбек Карыбек уулу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иши жабылган.

Соттон белгилешкендей, судья чыгарган чечимин эки нерсеге негиздеген. Биринчиси, мыйзам боюнча, прокурор айыптоону колдоодон баш тарткан учурда, кылмыш иш кыскартылууга жатат. Ошондой эле Улукбек Карыбек уулу айыпталып жаткан жосун анча оор эмес кылмыштардын катарына кирери эске алынган.

Эскерте кетсек, 2023-жылы июль айында блогер Улукбек Карыбек уулу Ош облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү тууралуу материал даярдап, ал жакка кайрылган жарандар туш болгон көйгөйлөр жөнүндө айтып берген.

Андан кийин аталган оорукана «Фейсбуктагы» баракчасына блогердин төрөтканага келгени тууралуу жазып, ал өзүн орой алып жүргөнүн, сыртта кийген кийими менен төрөт үйүнүн ичине киргенин, кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратканын жана реанимация бөлүмүнүн эшигин сындырганын билдирген.

Ошондой эле оорукананын кызматкерлери милицияга арыз жазып, блогер Улукбек Карыбек уулу жана аны менен чогуу келген 2 жигит бир дарыгердин колун кайрып, дагы бир дарыгерди түртүп салганда, ал башы менен дубалды сүзүп, жаракат алганын, ошондой эле, оорукананын эшигин сындыруу менен 36,9 миң сомдук зыян келтиргенин билдиришкен.

Бул окуяга байланыштуу блогерге карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2023-жылы 14-июлда милиция Улукбек Карыбек уулуну Бишкектен кармап, Ошко алып кеткен. Ал 48 саатка камакка алынып, андан соң сот аны эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошоткон.

Бүгүн, 25-январда блогер Улукбек Карыбек уулу ош шаардк соту аны «бейбаштык» иши боюнча актаганын билдирген.

Оорукананын эшигин сындырууга айыпталган блогер Улукбек Карыбек уулу акталды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>