Дүйнө чемпионатында коло уткан балбанды ат мингизип тосуп алышты

Дүйнө чемпионатында коло уткан балбанды ат мингизип тосуп алышты

Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад шаарындагы аэропортто грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 3-орунду багындырган Амантур Исмаиловду салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Ислам Масабиров, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин депутаттары Жыргалбек Маатжакыпов, Бабаравшан Каримов, спортчунун машыктыруучулары жана жакындары катышты.

Амантур Исмаиловду шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жетишкен ийгилиги менен куттуктап, жергиликтүү бийлик спортчуларды ар дайым колдоого даяр экендигин баса белгилеп, ат мингизип, кичи мекенине узатышты.

Спортчу учурда 25 жашта. Ал Жалал-Абад шаарына караган Кыргызстан айылында туулган.

Эске салсак, Амантур Исмаилов Сербиянын Белград шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 67 килограмм салмакта Грузиялык атаандашы Жони Хецурианини 17:8 эсебинде жеңип, коло байгени багындырган.

Ал быйыл августта Түркиянын Конья шаарында өткөн бешинчи Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль алган. Ал эми 2021-жылы Азия чемпионатында коло байге алса, 2018-жылы Азия оюндарында да коло медалды жеңип алган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>