Бишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатКазакстан ШКУ өлкөлөрүнө капиталдарды бириктирүүнү жана жалпы өнүктүрүү банкын түзүүнү сунуштадыБишкекте майыптуулук боюнча комиссиянын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалдыКандай учурда айдоочулук күбөлүктөн жарым жылга ажыратып, айып пул көбөйөт? — мыйзам долбооруБишкектиктер суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүн мобилдик тиркеме аркылуу жөнөтө алышатКоенкөзов көчөсүндөгү жолду курулуш компаниясы тосууда — бийликтин алы келбей жатат
Улуттук банк 280 адамдын насыясын кечти
16.11.2022 | 19:57
Улуттук банк Башкармасы Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуулардан жабыркаган комбанктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына, финансы-кредиттик уюмдарга колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында 280 насыяны кечти. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, финансы-кредиттик уюмдарга 443 карыз алуучу кайрылган. Ал эми кечилген насыялардын жалпы суммасы 19 миллион 370 миң сомго жеткен.
Мындан тышкары, 28 млн 836 миң сомго 138 насыя реструктуризацияланган.
“Учурда финансы-кредиттик уюмдар жабыр тарткан бардык карыз алуучулардын арыздарын кароодо”, – деп белгилейт Улуттук банк.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика