Улуттук банк акча которуу системасына жаңы эреже киргизди

Улуттук банк акча которуу системасына жаңы эреже киргизди

Улуттук банк акча которуу системалары боюнча акча которуулардын эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул туурасында өлкөнүн башкы банкынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эсеп ачпастан акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жеке адамдар гана жүргүзө алышат.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү акыркы мезгилде Орусия менен Казакстандан АКШ долларында келип түшкөн акча которуулардын көлөмү кескин көбөйүп, кардарлар которууну нак АКШ доллары менен берүүнү суранып жаткандыгы менен шартталган.

Эми Кыргызстандын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну алуучуга берүү, жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом улуттук валютасында гана болушу мүмкүн.

Мисалы, эгерде Орусиядан акча которулган болсо, ал алуучуга орус рублинде гана берилиши керек, эгерде Казакстандан болсо — казак теңгесинде гана, ал эми башка өлкөдөн болсо — анда коммерциялык банктын алмашуу курсу боюнча улуттук валютада берилет. Эгерде которулган валюта Кыргызстандын аймагында кеңири колдонулбаган болсо, банк Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алат. Бул учурда кардарга валюта курсу тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек. Акча которууну конвертациялоонун эрежелери өзгөрүүсүз калтырылды. Коммерциялык банк алуучунун макулдугу менен акча которууну улуттук валютадагы сомго гана конвертациялай алат.

Кардар Кыргызстандын коммерциялык банкына акча которууну анын банктык эсебине же электрондук капчыгына чегерүү боюнча буйрутма бере алат. Кыргызстандын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык эсепти өз курсу боюнча валютага конвертациялайт же аны кардардын улуттук валютадагы электрондук капчыгына которот. Буга кошумча, эсеп валютасына алмашуу курсу жөнүндө кардар алдын ала кабардар болушу керек.

Эгерде жөнөтүүчү Кыргызстандын коммерциялык банкында ачылган долларлык эсебине орус рубль менен акча которууну жүргүзсө, анда Кыргызстандын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык, өзүнүн курсу боюнча акчаны АКШ долларына которот.

Бул өзгөртүүлөр убактылуу болуп саналат жана накталай АКШ долларынын Кыргызстандын чегинен тышкары агылып чыгышына терс таасирин минималдаштырууга багытталат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>