Улуттук банк: Зайымчылардын укуктарын коргойт

Улуттук банк: Зайымчылардын укуктарын коргойт

Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөр абалды жакшыртып, карызга акча алуучулардын укуктары мамлекет жана Улуттук банк тарабынан корголот. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Reporter.kg ге” билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жаңы өзгөртүүлөр кеңири чөйрөгө насыя берүүчү субьектилердин ишин жөнгө салууга багытталган. Тактап айтканда, алар тиешелүү мамлекеттик органдардан лицензия алуулары зарыл же алектенгиси келген аймак боюнча уруксат алуусу керек болот. Алар ломбард же микрокредиттик каржылоо болушу мүмкүн. Балким микрокредиттик союзду түзүү боюнча.

Белгилей кетүүчү нерсе, туугандарга, досторго же тааныштарга акча насыялоо практикасы мыйзамдын жаңы талаптарына кирбейт.

Ал эми кепил жана күрөөсүз насыяларды алуу үчүн бир канча мүнөт талап кылынарын жана мындай жеңил  жол аркылуу насыя алууга жүздөгөн кыргызстандыктар тез эле азгырылып, тез берилген насыяны алып жатышат.

“Бирок, практика көрсөткөндөй андай жол менен акча алгандардын дээрлик көпчүлүгү  расмий кредиторлордон акча ала албаган адамдар”,- деп билдирди Улуттук банктын басма сөз кызматы.

Айта кетсек, Кыргызстанда өткөн жылы бул маселеге байланыштуу арыз менен кайрылгандардын саны бир төп эле өскөн. Анткени, пандемия учурда акчасы жоктор эртеңкисин ойлобой жеке зайымдарды алып, азыр карызга батып, кыйналып жүрүшөт.

Улуттук банк мындай системаларда формажордук жагдайдан улам жеңилдиктер каралбаганын белгилейт. Мисалы, кимдир бирөө билимсиз сабатсыздыгынан же өзүнө өтө эле ишенгендиктен жогорку пайыз чен менен каражат алганына көңүл бурган эмес. Себеп, өздөрүн мындай микрокредит деп атаган уюмдарда пайыздар өтө эле жогору.

Мурда мындай жөнгө салынбаган мекемелердин пайыздык чендери лизенцияланган кредиторлорго караганда 3-10 эсе жогору. Кирешени ырастоону талап кылбагандыктан, көптөгөн адамдар алардан каражат алууга кайрылат. Мындай уюмдар керектөөчүлөр кредитти кантип төлөөрүнө кызыкпайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>