Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар

Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар

Бүгүнкү күнү Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралдагы маалымат жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, аталган алтын — 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өлкө ичинде өндүрүлгөн алтындын кору.

Карабаева белгилегендей, Улуттук банк алтын куймаларды үзгүлтүксүз түрдө сатууда. 1 граммдан 10 граммга чейин өлчөнгөн алтын куймалары сатылууда жана сатылып алынууда. Анын баасы Улуттук банктын сайтында күн сайын жаңыланып турат.

«Бирок, чоң өлчөнгөн куймалар боюнча абал башкача. Эске сала кетейин, алтын өндүрүүчүлөрдү, ошондой эле бюджеттик тармакты колдоо максатында 2022-жылдын 1-февралында Улуттук банк 10,9 килограммдан 12 килограммга чейинки чоң куймаларды саткан. Бирок бүгүнкү күнү бир да куйма сатыла элек», — деди Аида Карабаева.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>