Кыргызстандык окуучулар Сочидеги биология олимпиадасында ийгилик жаратыштыОшто акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып өлтүрүлдүАКШ менен Иран Ормуз боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти — эмнелер белгилүүЭдил Байсалов Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырдыТрамп грин-карта алуу үчүн чет элдиктерди АКШдан чыгып кетүүгө мажбурлайтБишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына канча күн калганын эсептеген такта ачылды
Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаев көрсөтүлдү
26.06.2024 | 11:48
Улуттук банктын төрагалыгына жаратылыш ресурстары жана экология министри Мелис Тургунбаев көрсөтүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирди.
Парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн түштөн кийин жыйын өткөрүп, сунушталган талапкерди карап чыгат.
Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар көпчүлүк добуш менен Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын жетекчилигинен бошотту. Эл өкүлдөрү эртең бул сессиянын акыркы жыйынын өткөрүп, жайкы эс алууга кетишет.
Мелис Тургунбаев экономикалык илимдеринин доцентти. Ал 2023-жылдан бери Экология министрлигин жетектеп келет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат