Бажы кызматынын башчысы Алмаз Салиев генерал-майор болдуОш шаарынын Курманжан датка көчөсүнө тротуар курулуудаЖКда лабораторияларды жаңылыш анализдер үчүн жоопкерчиликке тартуу сунушталдыМинистрлер Кабинети күйүүчү майга салыктарды сентябрдын аягына чейин төмөндөтүүнү сунуштоодо — дизель КНСтен толугу менен бошотулушу мүмкүнЧүйдө балдардын жалаягын жана гигиеналык каражаттарды чыгаруучу ишкана ачылдыБекешев ЦОНдордогу маалымкаттар өздүк наркынан кымбат сатылып жатканын айтты
«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» бюджеттен дагы 1 млрд сом алат
11.08.2022 | 21:13
“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги” ААК август айында республикалык бюджеттен 1 млрд сом алат.
Буга чейин “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” бюджеттен 900 миллион сом алса, анын 100 миллион сому түзүлгөндөн кийин дароо уставдык капиталга багытталган. Кийинчерээк холдинг дагы 800 миллион сом алган. Акча коомдун капиталын көбөйтүүгө да кеткен.
Эске салсак, акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынган чечимине ылайык, холдинг бирдиги үчүн жүз сомдук 71 миллион жөнөкөй аталыштагы акцияларды чыгарат. Ошентип, анын капиталы 7,1 миллиард сомго көбөйтүлүп, жалпысынан 8 миллиард сомду түзөт.
”Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин бирден-бир негиздөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги саналат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика