Жапаров: Баткенде 150 үй 21-декабрга чейин курулуп бүтөт

Жапаров: Баткенде 150 үй 21-декабрга чейин курулуп бүтөт

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган үйлөрдүн 150сү 21-декабрга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жыйында депутат Жанар Акаев Баткенде үйлөр бүткөрүлө электигин, айрым тургундар контейнерде жашап жатканын айтты.

«Баткендеги үйлөр декабрдын ичинде курулуп бүтүп, тапшырылат деп айтылган. Азыр үйлөрдүн көпчүлүгүнүн чатыры да жабылган жок. Курулушчулар менен сүйлөшсөм, акчасынын 50%ын да албаптыр. Баткен боюнча акча каражат бөлүнгөн беле? Аны ким куруп жатат, Мамлекеттик курулуш агенттигибе же башкаларбы?», – деди ал.

Жапаров курулуш иштерин «Аманат» аттуу компания жүргүзүп жатканын билдирди.

«Мамлекеттик курулуш агенттиги көзөмөлүн жүргүзүп жатат. «Аманат» деген компания куруп, буйрутма аткаруучу (субподрядчик) 31 компанияны алган. 20-21-декабрга чейин 150 үйдү бүтүрүп, элдер кирет деп жатышат. Калгандары бүткөн сайын элдер кире беришет. 1 млрд сом бөлүнгөн. Дагы керек болсо, бөлүп беребиз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>