Унаа базарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

01.12.2024 | 17:20

Сокулук районунун милиция кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

16-апрель күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1986-жылы туулган Г. А., аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Ал арызында 2023-жылдын 1-декабрында Военно-Антоновка айылындагы «Риом авто» базарында өзүн А., деп тааныштырган белгисиз адам анын 2016-жылы чыгарылган Toyota RAV-4 XLE жана 2023-жылы чыгарылган «Жили-Көл-Рей» үлгүсүндөгү эки автоунаасын алдоо жолу менен ээлеп алганын айткан. Унаалардын жалпы баасы 44 000 долларды түзгөн. Кийинчерээк унаалар үчүнчү жактарга кайра сатылып кеткен.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал мурда соттолгон 1981-жылы туулган М.А. экендиги аныкталып, кармалган. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогу такталууда. Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top