Кара-Сууда уурулук жасаган жаран Бишкектен кармалды

Кара-Сууда уурулук жасаган жаран Бишкектен кармалды

Кара-Суу районунда уурулук жасаган жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-октябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, уурулук фактысы менен издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун тургуну, 1998-жылы туулган Д.К. Бишкек шаарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалды.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Кара-Суу РИИБге арыз менен райондун 60 жаштагы тургуну М.К. кайрылган. Анда, 2021-жылдын 1-август күнү үйүнө белгисиз жарандар кирип, алтын, күмүш буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучуга 52000 (элүү эки миң) сомдук зыян келтирген.

Кылмышка шектүү 24 жаштагы Д.К. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүү мындан башка кылмышка тиешеси бар же жок экендиги такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>