Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөр камакка алынды — сүрөт

Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөр камакка алынды — сүрөт

Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөр Түркияда кармалышты. Бул тууралуу түркиялык «Сабах» маалымат каражаты билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, терроризмди Тахрир Эль-Хам уюму жасаган. Шектүүлөр Адана шаарында кармалган. Алар Сирияга качууга жөнөшкөн. Кыргызстандыктар Гусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер жана сириялык Али Исбех суракка Стамбулга жеткирилди.

Шектүүлөр Айеркен Саймаитини өлтүргөндүгүн мойнуна алып, алар киши өлтүрүүнү уюмдун талабы боюнча жасаганын айткан. Аларга окуядан 45 күн мурун уюмдун лидери Адам ага Хусейн менен Стамбулда жолугушуу керектигин айткан.

«Ал унаа номерин, үйдүн дарегин жана 1500 доллар берген. Хусейн экөөбүзгө 50 миң доллар берем деди. Эмне үчүн аны өлтүрүү керек деп сурасам, ал: «Ал ишеничтүү эмес», — деп жооп берген дейт шектүү.

  • Таасирдүү үй-бүлөнүн акчасын адалдагандыгын мойнуна алган ишкер Айеркен Саймаити Стамбулда атып өлтүрүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>